Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Аялдардын Демократиялык Тармагы

Аялдардын Демократиялык Тармагы

15 июль 2019, Понедельник
3 008
0
Бүгүн Ош шаарында  «Аялдардын Демократиялык Тармагы» коомдук Фондунун демилгеси менен «Аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жана жергиликтүү деңгээлде аялдардын саясий жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын алга жылдыруу үчүн диалог куруу»  аттуу темада иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешини төрагасы Жапарбек Ормонов,  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана Аялдардын Демократиялык Тармагынын Ош облусу боюнча координатору, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Гульсана Эсенбаевалар катышышты. 
Аталган иш-чарага республикабыздын 7 аймагынан коомдук фонддун активист аялдары,жергиликтүү кеңештеринин депутат айымдары,  ишкер аялдар жана жергиликтүү жамааттардын лирдер-айымдары келишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жапарбек Ормонов аймактардагы социалдык - экономикалык жактан өнүгүүсүнө  ар тараптан өсүп өркүндөшүнө жана жарандарды жумуш орундары менен  камсыздоого кошкон салымдары  бар жеке ишкер айымдар Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталдары менен сыйланышты.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)