Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » КРнын куруучуларынын кесиптик майрамы белгиленди

КРнын куруучуларынын кесиптик майрамы белгиленди

08 август 2019, Четверг
2 764
0
          Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын куруучуларынын кесиптик майрамы белгиленди. 
Ага Ош шаардык Кеңешинин депутаты Н.Рашев, Ош шаардык мэриясынын вице-мэри Ж.Азимов, капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана шаардагы курулуш тармагында эмгектенип келе жаткан кызматкерлер жана ардагерлер катышышты. 
         Н.Рашев куттуктоо сөзүндө жалпы курулуш тармагында эмгектенип келе жаткан куруучуларды кесиптик майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун жана жалпы депутаттардын атынан куттуктап, Ош шаарынын курулуш тармагынын өсүп өнүгүшүнө, инфраструктурасынын жакшыруусуна кошкон салымы жана шаардын коомдук турмушуна активдүү катышкан кызматкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады.   
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)