Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын кезектеги эмгемендүүлүк күнүн белгилеп жатабыз.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын кезектеги эмгемендүүлүк күнүн белгилеп жатабыз.

30 август 2019, Пятница
2 823
0
Урматтуу Ордолуу шаарыбыздын тургундары жана  Ардактуу коноктору!
Сиздерди мамлекетибиздин башкы майрамы– Эгемендүүлүк күнү менен Ош шаардык Кеңешинин Эл өкүлдөрүнүн атынан чын дилимден куттуктайм!
            Биз Элибиздин биримдигинин, коомубуздун ынтымагынын алдында, дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Тынчтык менен ынтымактын артынан өнүгүүгө карай жол ачылып, бүгүн сүйүктүү Кыргызстаныбыздын кезектеги эмгемендүүлүк күнүн белгилеп жатабыз.  
            Эгемендүү мамлекетибиз тарыхый жана экономикалык жактан кайра жаралуу дооруна бет алып, башка мамлекеттер көз арткан, гүлдөгөн келечектүү өлкөгө айлануудабыз. Жаңы заманга, өнүгүүгө карай ишенимдүү таштаган ар бир кадамыбыз ийгиликтүү болуп, дүйнөдөгү улуу державаларынын катарында Мамлекетибиздин эгемендүү туусу желбирей баштады. 
           Касиеттүү Ошубуз да кулпуруп, көп улуттан куралган меймандос элинин талыкпаган эмгеги менен көрктүү, келектүү зоболосу бийик шаарлардын катарына кошулду. Шаарыбызда эгемендүүлктүн жакшы жышааны менен түрдүү багыттагы өндүрүш мекемелери, заманбап социалдык обьектилер менен бирге жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө шаардык Кеңешинин Эл өкүлдөрү аткаруу бийлиги менен биргеликте кылымдарды каарыткан байыркы шаарыбызды мындан ары да ар тараптан өнүктүрүп, жаңы кулпурган жүзүн ачуу аракеттерин көрүшүүдө.  
          Бүгүн, биздин мамлекетибиз ар тараптан өнүккөн, касиеттүү эли, кенен жайлуу жери менен дүйнө жүзүнө белгилүү.
          Өлкө башчыбыз белгилегендей Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, Өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок! 
         Андыктан баарыңыздарды бүгүнкү улуу майрамыңыздар менен куттуктайм! 
         Сүйүктүү мамлекетибизде бак, дөөлөт кетпей, Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан ырыскылуу, кең пейил элибиз амандыкта, саламаттыкта болсун!
Кыргызстаныбыздын келечеги кең болуп, тынчтык, биримдик, ынтымак түбөлүк орносун!  
Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)