Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

04 сентябрь 2019, Среда
2 475
0
Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
         Отурумду комиссиянын төрагасы Р.Раимбердиев алып барып, мүчөлөрү Д.Абдурасулов, Э.Мырзаев, С.Назылбеков, М.Исаевдер катышышты.
Күн тартибине ылайык: 
1.Ош регионалдык шааркуруу башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө, 
2. КРнын социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маселелери каралды.
       Ош регионалдык шааркуруу башкармалыгынын башчысы А.Токошев, Ош шаардык социалдык фондунун башчысы А.Абдуллаев башкармалыктарда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, депутаттар тарабынан терең талкууланып, сунуштар берилди.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)