Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Сот кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Сот кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

05 март 2020, Четверг
1 582
0

Бүгүн сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу иш чара Ош облустук сотунда болуп өттү. Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, райондук, шаардык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.   

Төрага Ж.Ормонов сот тармагындагы аткарылып жаткан бир катар алгылыктуу иштерге токтолуп, сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин жалпы депутаттарынын атынан куттуктап, Ош шаардык Кеңешинин баалуу белектери жана Ардак грамоталары менен сот тармагында иштеп жаткан бир катар кызматкерлерди сыйлады.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)