Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата шаардык кайрымдуулук иш чарасы өткөрүлдү

Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата шаардык кайрымдуулук иш чарасы өткөрүлдү

01 октябрь 2018, Понедельник
3 599
0
Аталган иш чаранын алкагында шаардагы улгайган адамдардан кабар алуу максатында даректүү колдоолор көрсөтүлүп, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев шаардагы Абжалов көчөсүнүн 62-үйүнүн тургуну 105 жаштагы Саипова Анипа эненин абалынан кабар алып, сый-урмат көрсөтүп кайтты. 
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун куттуктоосу!
Урматтуу кадырман аталар жана асылзаада апалар!
Сиздерди Карылардын Эл аралык күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм! Бул күн сиздерге – улуу муундагы адамдарга таандык акылмандыктын, жетилген курактын, мээрмандыктын жана сабырдуулуктун күнү. Биздин аталарыбыздын жана энелерибиздин акылмандыгы жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак жана өлкөбүзгө ырыскы алып келүүгө өбөлгө болот. Бул күн – кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун эң оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү 
жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуучу күн. Карыларга кам көрүү – биздин ар бирибиздин милдетибиз. 
Урматтуу аталар жана энелер!
Сиздерге татыктуу карылыкты жана социалдык жактан коргоону камсыздоону  майрамдарда эле эмес, күн сайын сиздер өзүңүздөрдү жакшы сезип, дөөлөттүү өмүр сүрүүгө кам көрүү – жалпыбыздын милдетибиз. Сиздердин жашоо-турмушуңуздарды жакшыртуу, урмат-сыйга бөлөнүп жашашыңыздар үчүн шарт түзүү колубуздан келет жана ал үчүн баарыбыз аракеттерди жасап жатабыз. Бүгүнкү күнү баардык ата-апаларыбызга, ардагерлерибизге чың ден соолук, бакубаттык жана тынчтыкта болуп, бактылуу өмүр сүрүшүңүздөрдү каалаймын.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)