Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү

31 август 2018, Пятница
3 844
0
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанат калаа башчыларынын, Эл өкүлдөрүнүн жана мекеме-ишканаларынын жетекчилеринин мамлекеттүүлүктү түптөөгө салым кошкон кыргыз элинин сыймыктуу инсандарынын урматына гүл коюу жана таазим этүү иш чарасы менен башталды. 
Андан соң майрамдык салтанаттын расмий бөлүгү шаардын борбордук аянтында уланды. Аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевтер катышышып, шаар тургундарын майрамы менен куттукташты. Майрамдык салтанат маданий оюн-зоок программасы менен улантылды. 
Ж.Ормоновдун куттоосу  
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана шаарыбыздын коноктору! Кымбаттуу мекендештер! 
 Сиздерди Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Эгемендүүлүгүбүздүн 27 жылдык майрамы менен кызуу куттуктаймын!
          Мамлекетибиз өз алдынча болуп, мурдагы союздук республикалар менен катар көз карандысыздыкка тынчтык жолу менен жеткенине  быйыл 27 жылдын жүзү толуп отурат.  Муну тагдырдын бизге тартуулаган эң кымбат белеги деп түшүнсөк болот. Ошондуктан Эгемендүүлүгүбүздү кадырлап, барктап, көзүбүздүн карегиндей сактоо ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети деп эсептейм.Ушул өткөн 27 жыл ичинде, сүйүктуу Кыргызстаныбыз арбын ийгиликтерге жетишип,  дүйнөлүк коомчулукта  өзүнүн татыктуу ордун ээлей  алды. Урматтуу Президентибиздин түздөн-түз жетекчилиги менен ишке ашырылып жаткан Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты, коңшу жана чет элдер арасында өлкөбүздүн аброюн Эл аралык аренада бир топ жогору көтөрүп койду. Бүгүн биздин Кыргызстан - көптөгөн авторитеттүү  эл аралык уюмдардын  мүчөсү,     дүйнөдөгү  улуу державалар менен   өз ара тыгыз байланышта болуп,  кызматташтыкты күчөтүп келүүдө. Мындан ары да Кыргызстаныбызды бакубат, байгер турмушка, туруктуулукка жеткире турган курал бул улуттар ортосундагы ынтымак. Азыр биздин алдыбызда өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо, элдин биримдигин сактоо, өлкөбүздүн жарандары үчүн жагымдуу шарт түзүү, элдин байгер турмушун камсыз кылуу милдети турат. Ал үчүн кажыбас кайрат, жигердүү аракет жана журт биримдиги   керек. 
         Андыктан жалпы журтубузга ынтымак-ырашкерлик уялап, тынчтык өкүм сүрүшүнө тилектешмин. Баарыңыздарга чың ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик жана бакубат, бактылуу турмуш каалайм. Жергебизде дайыма бейпилдик өкүм сүрүп, Эгемен Кыргызстаныбыз  өнүгүп өсө берсин!
Майрамыңыздар менен!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)