Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурум болуп өттү

23 ноябрь 2018, Пятница
3 305
0
2018-жылдын 23-ноябрында  Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барды. Отурумдун күн тартибинде жалпы 18 маселе кирип, бардык маселелер каралып туруктуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү чечимдери кабыл алынды. 
Атап айтканда Ош шаарынын мэриясынын Республикалык   бюджеттен  2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине компенсация түрүндө берилген 30 000,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында Ош шаардык капиталдык курулуш жана Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу аткарылуучу жумуштарга бөлүп берүү боюнча каты каралды. Бул кат боюнча биринчи кезекте республикадан компенсация түрүндө берилген 30 000,0 миң сом акча каражаты  Ош шаарынын 2018-жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизилип, андан кийин шаардын инфрастурктурасын жакшыртуу боюнча аткарылуучу жумуштарга бөлүнүп берилди. 
Андан сырткары  Ош шаарынын мэриясы тарабынан сугнушталган  Ош шаарын 2018-2020 жылдарга кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын долбоору каралып, кезектеги сессиянын кароосуна сунушталды. 
Ошондой эле күн тартибиндеги калган маселелер дагы каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)