Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эл өкүлдөрү үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты

Эл өкүлдөрү үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты

27 ноябрь 2018, Вторник
3 160
0
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Ош шаарындагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Жолугушууга Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери жана социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын мүчөлөрү катышышты. 
Төрага Жапарбек Ормонов борбордун шаарда ачылышына жана бул долбоордун ишке ашырылып, азыркы учурда мэриянын алдындагы муниципалдык мекеме катары бекитилишине бардык талап кылынган мыйзам чегиндеги нормалардын сакталышы жана максаттуу иш жүргүзүүсү жөнүндөгү маселелерге кеңири токтолду. Бул багытта Эл аралык уюмдардын колдоосу менен ачылып, жабдылган борбордун мындан ары иш жүрүгүзүүсүнө ар тараптан колдоолордун жана тиешелүү көзөмөлдүн болуусун баса белгиледи. 
Борбордун жетекчили тарабынан атайын таанышуу презентациясы сунушталып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2019-жылдан баштап каржылоо маселелери талкууга алынды.   

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)