Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылга иш планы
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2018-ЖЫЛГА ИШ ПЛАНЫ |
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
I | СЕССИЯДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР | ||
1 | Ош шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышын, Ош шаарынын 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга божомолун, 2018-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө | 1-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
2 | Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 1-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба, жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
3 | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмүнүн маалыматын угуу | 1-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
4 | Ош шаарындагы калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруунун абалы жөнүндө | 1-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
5 | Аксакалдар сотторун шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө | 1-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
6 | Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы |
7 | Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
8 | Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын 2017-жылдагы шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө боюнча отчетун угуу | 2-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба, жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
9 | Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
10 | Ош шаарындагы оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын ишмердигинин натыйжалуулугу жөнүндө | 2-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
11 | Ош шаарында орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 2-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
12 | Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 2-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы |
13 | Ош шаарынын мэринин 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жөнүндө | 3-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
14 | «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба, жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) шаардын тургундарына көрсөткөн кызматтарынын абалы жөнүндөгү маалыматын угуу | 3-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
16 | Шаардын калкына пенсия жана пособиелерди өз убагында берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 3-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
17 | Ош шаарында инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестиция тартууга шарттарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 3-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
18 | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы |
19 | Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө | 4-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба, жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
20 | Ош шаардык Кеңешинин 2017-2018-жылдары мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, дин маселелери боюнча кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө | 4-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
21 | Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндө | 4-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
22 | Ош шаарында жумуш орундарын түзүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндө | 4-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
23 | Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы |
II | ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР | ||
1 | Сессияда карала турган материалдарды жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш план боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
2 | Ош шаардык Кеңешинин токтомдорун жана «Ош шаары-өнүккөн ордо калаа» Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасынын аткарылышын көзөмөлдөө | Ай сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
3 | Башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга жана тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңештери жана чет өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу | Жыл ичинде | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
5 | Эң маанилүү деп эсептелген маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу | Зарыл болгондо | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
6 | Шайлоочулар менен жолугушууда айтылган кайрылууларды жана сунуштарды, алардын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарды шаардык Кеңештин веб-сайтына жайгаштыруу | Ар бир жолугушуудан кийин | Депутаттык фракциялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
7 | Сессиянын жүрүшүндө айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды жалпылоо, аткаруу үчүн аларды шаардык мэрияга жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнө жөнөтүү | Ар бир сессиядан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
8 | Шаарда өткөрүлө турган маданий массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Шаардык Кеңештин депутаттары Шаардык Кеңештин аппараты |
9 | Шаардык Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдорду шаардык Кеңештин веб-сайты, массалык маалымдоо каражаттары аркылуу калкка жеткирүү | Ар дайым | Шаардык Кеңештин аппараты |
10 | Шаардык Кеңешке келип түшкөн кайрылууларды, каттарды жана арыздарды өз убагында кароо жана жыйынтыгын ээлерине билдирүү | Мыйзам чегинде | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
10 август 2018, Пятница
Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду.
Пикирлер (0)