Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

23 апрель 2019, Вторник
2 948
0
Отурумга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Шоноев, депутаттар Р.Турдуев, Г.Турдубаева, А.Батыров, Ж.Нариев, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Өкмөттүк эмес уюмдардын, ЖЧКнын өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде Ош шаардык мэриясынын Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө окуучулар үчүн негизги жол акынын 50 пайызын төлөө жана автобус, троллейбустарда электрондук билети жок жүргүнчүлөр үчүн10 сом кылып белгилөө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз ташуу жөнүндө маселеси коюлуп, депутаттар жана ар түрдүү уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууланды.
Жыйынтыгынды жогорудагы маселе Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы X сессиясында кабыл алынган №128 “Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгүртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)