Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

08 апрель 2019, Понедельник
2 975
0
2019-жылдын 8-апрелинде Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.
            Отурумга комиссиянын төрагасы Б.Шоноев, депутаттар Р.Турдуев, Г.Турдубаева, Р.Касымов, С.Назылбеков, Э.Арзиев Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Отурумдун күн тартибине 2019-жылга карата иш-пландагы 2 маселе, пландан тышкары 1 маселе киргизилген. Алар Ош шаарындагы жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча аткарган иштеринин жыйынтыгы, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө жана Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө окуучулар үчүн негизги жол акынын 50 пайызын төлөө жана автобус, троллейбустарда электрондук билети жок жүргүнчүлөр үчүн10 сом кылып белгилөө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз ташуу жөнүндө маселелер каралды. 
            Отурумда жогорудагы маселелер боюнча ар бир ишкана-мекемелердин жетекчилери тарабынан маалыматтар угулуп, талкууланып, депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынып, эки маселе туруктуу комиссиянын кароосунда канааттандыраарлык деп табылып маалыматтары эске алынды, Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө окуучулар үчүн 50%, автобус, троллейбустарда электрондук билети жок жүргүнчүлөр үчүн 10 сом кылып белгилөө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз ташуу жөнүндө маселе туруктуу депутаттык комиссиянын кезексиз отурумуна калтырылды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)