Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү

31 октябрь 2022, Понедельник
458
0

      Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Данияр Төлөнов, Таалайбек Сарыбашов, Алишер Козуев, Дастан Бекешев, Акылбек Түмөнбаев, Эмил Токтошев, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Өмүрбек Бакиров, Шарапаткан Мамбетова, Надира Нарматова, Эльвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев, Ош шаардык Кеңештин депутаттары, министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү жана башкалар катышты. 

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

 - 2022-жылдын 20-октябрына карата Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында республикалык бюджеттен каралган "капиталдык салымдар" беренелерин каржылоо (курулуш объектилерин, суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо жана суу чарба курулушунун каржылануусу); 

- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин көйгөйлөрү. 

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков өз сөзүндө Ош шаарында мурун берилип кеткен   бала бакчаларынын  көйгөйлөрүн чечүү максатында бир катар ыкчам иш-чаралар болуп жатканын белгиледи. 

Тактап айтканда, 2000-жылдары жеке тараптарга өтүп кеткен мамлекеттик баладар бакчаларын  кайрадан мамлекетке өткөрүүдө көмөк көрсөтүү маселелерин көтөрдү.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)