Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин көпчүлүк коалициясынын жыйыны болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин көпчүлүк коалициясынын жыйыны болуп өттү

14 ноябрь 2022, Понедельник
507
0

   Бүгүн, 14-ноябрда бешинчи чакырылыштагы  Ош шаардык Кеңешинин  көпчүлүк коалициясынын жыйыны болуп, аны Ош шаардык Кеңешинин көпчүлүк коалициясынын төрагасы  Жолдошбаев Бакай Сагынбаевич  алып барды.   

Бакай Жолдошбаев өз сөзүндө көпчүлүк коалициясы “Ата Журт Кыргызстан” жана “Биздин Кыргызстан” саясий партияларынан шайланып келген депутаттардан куралгандыгын, бардыгы болуп көпчүлүк коалициясына жогоруда аталган эки партиянын 34 депутаттарынан тураарын белгиледи.  

Жыйындын күн тартибинде Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуусун өткөрүү жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуу графигин бекитүү жана башка шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелер каралды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)