Ош шаардык Кеңешинде айрым өзгөрүүлөр болду
Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-июнунда болуп өткөн сессиясында “Бир Бол” депутаттык фракциясынын мүчөсү Шайиев Кушбак Искендерович Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайланды. Ушул эле күнү, Ош шаардык Кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракцияларынан турган “Аманат” көпчүлүк фракциясынын отуруму болуп, анда коалиция башчысы боюнча маселе каралды. Аталган коалицияны жетектеп келген “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Арзиев Бекболот Осконбаевич коалиция башчысы милдетинен бошотулуп, анын ордуна ушул эле фракциянын мүчөсү Жолдошбаев Бакай Сагынбаевич шайланды.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)