Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

28 май 2019, Вторник
3 204
0
Отурумга,  Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Шоноев, депутаттар Р.Турдуев, С.Бердиев, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы У.Раманов, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
Отурумдун күн тартибине Райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин жана «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө, Ош  шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин аткарган иштери жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматтарын угуу маселелери коюлуп, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери  тарабынан кызуу талкууланды.
Жыйынтыгында Ош  шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин аткарган иштери жана Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө маалыматтар депутаттар тарабынан эске алынды. Ал эми Райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин жана «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)