Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттары №5 «Амир-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары №5 «Амир-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту

08 декабрь 2022, Четверг
430
0

     Шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушуулары аяктады.

  Эл өкүлдөрү тарабынан 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV-сессиясында “Ош шаардык Кеңешинин  депутаттарынын отчёт берүү  жана шайлоочулар менен  жолугушуусун өткөрүү жөнүндө” №93 токтому кабыл алынган. 

   Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бекитилген графике ылайык, №1 “Туран”, №2 “Сулайман-Тоо”, №3 “Керме-Тоо”, №4 “Манас-Ата”, №5 “Амир-Темир”, №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында шайлоочулар менен жолугушуп, депутаттар өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт беришти жана шайлоочулардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти. 

Муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында болгон жолугушууларга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Шайлоочулар менен жолугушуу учурунда тротуар, базар, суу, тазалык, свет, жол тыгындары, курулуштар, жылуулук жана кооперативтер жөнүндө ар тараптуу орчурдуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп берип, 2023-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчурдуу маселелер кат жүзүндө берилди. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)