Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эл өкүлдөрү №2 «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту

Эл өкүлдөрү №2 «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту

06 декабрь 2022, Вторник
427
0

     2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV-сессиясында “Ош шаардык Кеңешинин  депутаттарынын отчёт берүү  жана шайлоочулар менен  жолугушуусун өткөрүү жөнүндө” №93 токтому кабыл алынган. Анда, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин депутаты шайлоочулардын алдында жана аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жарандардын жамааттарынын жана бирикмелеринин алдында, ошондой эле саясий партиянын алдында өзүнүн иши жана өзү шайланган жергиликтүү кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кемитпей отчёт берип турууга тийиш. Депутаттын отчету, аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жарандардын жамаатынын же бирикмесинин жана саясий партиянын талабы боюнча, ошондой эле шайлоочулардын чогулушунун талабына ылайык каалаган убакта өткөрүлүшү мүмкүн. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулуштарында, ошондой эле аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн эмгек жамааттарынын, жарандардын бирикмелеринин жана саясий партиянын чогулуштарында (конференцияларда) өткөрүлөт.

   Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бекитилген графике ылайык, Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын эли-шайлоочулар менен жолугушту. Анда депутаттар өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт беришти жана шайлоочулардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти.

     Жолугушууга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

   Калаа тургундарынан тротуар, базар, суу, тазалык, свет, жол тыгындары, курулуштар, жылуулук жана кооперативтер жөнүндө ар тараптуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп беришти. 

  Ошондой эле, 2023-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчурдуу маселелер кат жүзүндө берилди.

    Эске сала кетсек, кийинки жолугушуу 2022-жылдын 7-декабрында Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында  саат 14:00дө өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)