Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош мамлекеттик университетинин спорт комплекси ишке берилди

Ош мамлекеттик университетинин спорт комплекси ишке берилди

06 ноябрь 2019, Среда
2 612
0
              Бүгүн Ош мамлекеттик университетинин спорт комплексинин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри К.Исаков, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов,  Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Кожобеков, университеттин эмгек жамааты, жергиликтүү тургундар жана студенттер катышты.

              Төрага өз сөзүндө эртеңки келечек ээлерин даярдоодо мыкты шарттарды түзүп, татыктуу билим берип келе жаткан Ош мамлекеттик университетинин эмгек жамаатын жаңы ачылып жаткан спорт комплексинин ачылышы менен куттуктап, университет билим берүү тармагында өзүнүн патенциалын дүйнөлүк деңгээлге чыгара алды деп баса белгиледи.   
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)