Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында ТҮРКСОЙ туруктуу кеңешинин XXXVII отуруму өтүүдө.

Ош шаарында ТҮРКСОЙ туруктуу кеңешинин XXXVII отуруму өтүүдө.

30 ноябрь 2019, Суббота
2 888
0
Бүгүн, Ош шаарында ТҮРКСОЙ туруктуу кеңешинин XXXVII отурумуна Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов катышып сөз сүйлөдү.

          Төрага өз сөзүндө, Үч миң жылдан ашуун тарыхы бар байыркы Ош шаары ушул жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп “Түрксой” уюму аркылуу чечилип, ар бирибизди зор сыймыкка бөлөдү. Түрк тилдүү элдерди, ар улуттун башын бириктирип, ынтымак-ырашкерликте өнүгүүгө чакырган улуу багыт болуп калды. Ош шаарынын бул ийгилиги-бүтүндөй тектеш тилдүү элдердин ийгилиги деп билемин. Түрк-дүйнөсүн өз кучагына алган, жогорку деңгээлдеги, өзгөчө маанидеги иш чара биздин сүйүктүү жана касиеттүү өлкөбүздө өткөрүлүүсүнө өз салымдарын кошкон, “Түрксой” эл аралык уюмунун башчысына жана “Түрксой” туруктуу кеңешинин мүчөлөрүнө, Мамлекет башчыбызга, Өкмөт мүчөлөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана жигердүү катышкан атуулдарыбызга, жергиликтүү бийликке жана мекеме-ишканалардынн кызматкерлерине, жаштарга, өзгөчө маданият кызматкерлерине Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынат терең ыраазычылык билдирип, “Түрксой” уюмунун мүчө мамлекеттеринен келген делегаттардын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады. 

           Ошондой эле иш чарага, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри А. Жаманкулов, Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы Д.Касеинов жана Өзбекстан, Азербайджан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, Түрксой эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышууда.   
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)