Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Ош шаары-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору”

“Ош шаары-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору”

18 апрель 2019, Четверг
3 346
0
“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” Эл аралык салтанаты өткөрүлөт. Ага Турция, Казахстан, Македония, Сербия, Азербайжан, Өзбекстан, Башкырстан, Тыва Республикасынан расмий коноктор келиши күтүлүүдө. Анда «Элдик каада- салттар», «Этно музыка», «Этно мода», «Кол өнөрчүлөр», «Улуттук тамак- аштар» көргөзмөсү уюштурулат. Мындан сырткары, “Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо” эл аралык маданий программасы, Түрк элдеринин “Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү” жана борбордук стадиондо “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун расмий салтанаттуу ачылыш аземи болот. Салтанаттын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы жана депутаттары катышышат.   

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)