Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

20 октябрь 2022, Четверг
566
0

   20-октябрында Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Ош шаарынын А.Шакиров, Р.Абдыкадыров жана Курманжан Датка көчөлөрүндөгү жол тыгындарын пайда кылып жаткан коомдук тамактануу жана соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн” №12 тескемесинин негизинде түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын 5- отуруму болуп өттү. 

     Отурумга шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар Шахназар Бакир уулу, Канат Папишов, Эсенбек Арзиев, Болотбек Баетов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жана тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты.

    Отурумда жол тыгындарынын пайда болушуна алып келип жаткан мыйзамсыз курулуштар, алардын иш аракеттерин мыйзам талаасына алып келүү, мындан нары мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, кеңири талкуу болду. Отурумдун жыйынтыгында аталган маселени 2022-жылдын 25-октябрында улантуу чечими кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)