Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

28 июнь 2022, Вторник
642
0

2022-жылдын 28-июнунда Ош шаардык Кеңешинин   2022-жылдын 8-апрелиндеги “Ош шаарынын А.Шакиров, Р.Абдыкадыров жана Курманжан Датка  көчөлөрүндөгү жол тыгындарын пайда кылып жаткан коомдук тамактануу жана соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн” №12 тескемесинин негизинде түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын 3- отуруму  болуп өттү. 

Отурумга убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Бакир уулу Ш., Ш.Нуранов, М.Маматкулов,  Н.Каримов Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Б.Баетов, М.Мырзабеков, Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимов жана тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты.

            Отурумда Ош шаардык Кеңешинин  2022-жылдын 8-апрелинде “Ош шаарынын А.Шакиров, Р.Абдыкадыров жана Курманжан Датка   көчөлөрүндөгү коомдук тамактануу жана соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн” №12 тескемесинин негизинде түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын 2022-жылдын 23-майындагы отурумунун №2 протоколунун аткарылышы жөнүндө маалыматтар угулуп, мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча муниципалдык кызматтарга  сунуштар берилди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)