Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын калкын турак-жай менен камсыздоо максатында “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашырылууда

Ош шаарынын калкын турак-жай менен камсыздоо максатында “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашырылууда

10 август 2022, Среда
808
0

Ош шаарынын калкын турак-жай менен камсыздоо максатында “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашырылууда


Бүгүн, 2022-жылдын 10-августунда, Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүнүн №6 дарегинде 12 кабаттуу турак үйүнүн курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жана тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты. 

     Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-декабрында Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндөгү №6 дарегинде жайгашкан 2216,0 чарчы метр жер тилкесинде үлүштүк куруу шартында көп кабаттуу турак үйдү куруу үчүн конкурс жарыяланган. Конкурстун жыйынтыгында «Элит-Строй-Сити» жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүлгөн. «Үлүштүк курулуш» долбоорун ишке ашырууда жарандар (акционер) менен келишим түзүү менен жана алардын каражаттарын көп кабаттуу үй курууга тартуу каралган. Бул долбоорду ишке ашырууда үлүштүн ээлери курулуштун ар бир этабына көзөмөл жүргүзө алышат, төлөмдөр келишимде бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт. Курулуш аяктагандан кийин үлүшчү отурукташууга толук ылайыктуу даяр батир алат, башкача айтканда куруучу компания үйдүн ички ремонт жумуштарын аткарып колдонууга берет. Курулуш мөөнөтү 3 жыл. Бул мөөнөттүн ичинде акционер батирдин акысын толук төлөп берүүгө милдеттүү.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)