Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » » Ош шаардык Кенешинин Ош шаарындагы кээ бир жер тилкелеринин фукционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндө токтому

Ош шаардык Кенешинин Ош шаарындагы кээ бир жер тилкелеринин фукционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндө токтому

12 май 2020, Вторник
1 075
0


КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ                                                                     КЫРГЫЗСКАЯ  РЕСПУБЛИКА

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ                                                                        ОШСКИЙ ГОРОДСКОЙ  КЕНЕШ



ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫ 

(IV  ЧАКЫРЫЛЫШ)


ТОКТОМ

(сурамжылоо жолу менен)

                                                                                                                              

Ош шаары                                                                  № 233                                               2020-жылдын  20-марты 



Ош шаарындагы кээ бир 

жер тилкелеринин фукционалдык

чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндө



            Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 4-мартындагы №93/08-6,  2020-жылдын 6-мартындагы №91/08-6, №98/08-6  каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 11-мартындагы №5 токтомун эске алуу менен, Ош шаардык Кеңеши


ТОКТОМ  КЫЛАТ: 


  1. Ош шаарынын аймагындагы төмөндөгү жер тилкелери жайгашкан аймактардын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүгө, Ош шаарынын башкы планынын жана тиешелүү мыйзамдардын талаптарын аткаруу шарты менен, макулдук берилсин:

- Г.Айтиев көчөсүнүн №195Б дарегиндеги жалпы аянты 4701,72 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”;

- Касымов көчөсүнүн №309 дарегиндеги жалпы аянты 2989,73 чарчы метр жер тилкеси жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”;

- Тилеке Баатыр көчөсүнүн №2 жана Нурматов көчөсүнүн №3 (3-1,3-2,3-3) дарегиндеги жалпы аянты 5200 чарчы метр жер тилкелери жайгашкан аймактын чөлкөмдөштүрүүсүн “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактардан” “Көп кабаттуу турак жайларга”.

2.      Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):

- жогоруда аталган жер тилкелеринин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүдө тиешелүү мыйзамдардын нормаларын соктоо менен иш алып баруу жана курулуштарга уруксат берүүдө жер тилкелерин шаар куруу түйүнүн эске алуу жагы милдеттендирилсин;

- Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтуна сунуш жөнөтүү сунушталсын.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Н.Мизанов).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык 

жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.


Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                                                                         Ж.Ормонов 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)