Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди.

Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди.

17 июнь 2022, Пятница
716
0

Бүгун, 2022-жылдын 17-июнунда, Ош шаарынын №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын “Достук” кичи районунун 83-көчөсүндө Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулган 90 батирлүү көп кабаттуу үйдү  пайдаланууга берүү салтанаты болуп өттү.

Салтанатка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Назылбеков Салман Сатыгулович, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Нуранов Шайырбек Шермаматович, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, ипотекалык үйлөрдү бөлуштүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү Аккулов Абдижапар Ураимович, Шайиев Кушбак Искендерович, Турдуев Ильяз Эрмекович катышышты.

Салтанатта шаардык Кеңештин төрагасы С.Назылбеков сөз сүйлөп, ипотекалык үйлөрдү куруу Ош шаарында ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгына токтолуп, бүгүн шаарыбыздын 90 тургуну жаңы конуштуу болуп жаткандыгын белгилеп, ушул жол менен шаардагы турак-жай маселесин чечүү ишке аша тургандыгын маалымдады. 

Ошону менен катар ипотекалык үйлөрдү куруу шаардагы бюджеттик мекемелерде иштеп жаткан жарандарды арзан турак-жай менен   камсыздоону ишке ашыра тургандыгын белгилеп, тургундарды жаңы конушу менен куттуктады. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)