Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

21 август 2020, Пятница
1 602
0
2020-жылдын 21-августунда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров алып барды. Комиссия мүчөлөрү  депутаттар, Т.Эркебаев, Э.Арзиев, Н.Назылбеков Ш.Нурановдор катышышты. 
Күн тартибинде Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарында COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн натыйжасында коммерциялык түйүндөрдөн жана калктан таштанды үчүн жыйымдар толук көлөмдө жыйналбай “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгек акысын төлөөгө мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 5 100,0 миң сом акча каражатын жумушчулардын эмгек акысы үчүн бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты каралып, туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аталган маселе колдоого алынды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)