Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» Конституция

Конституция

Көңүл буруңуздар!
КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 
Мыйзамына ылайык, 
берилген Конституциянын 
70727581 жана 87-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр 
2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

2010-жылдын 27-июнунда Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды

 

(КР 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамы менен өзгөртүүлөр киргизилген 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий тексти 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-январындагы №14 Жарлыгы менен жарыяланган 

 

Биз, куттуу Кыргызстандын эли,

элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген баатырларды эске сактап;

адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктар болуп саналган эркин жана көз карандысыз демократиялык мамлекетти куруу максатына берилгенибизди ырастап;

өлкөнүн келечегине бекем ишенгендигибизди жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого, мамлекеттик эгемендикти жана элдин биримдигин сактоого, анын тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө майтарылбас эркибизди билдирип;

укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теңдикти, элдин экономикалык бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп;

ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу болуу жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

БИРИНЧИ БӨЛҮМ
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

 

1-берене.

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

 

2-берене.

1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.

2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

3. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби, референдумга коюлуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.

4. Шайлоо эркин болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

5. Мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт.

 

3-берене.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик:

1) бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн;

2) мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун;

4) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет.

 

4-берене.

1. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылат.

2. Саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.

3. Саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого катышат.

4. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларды кошпогондо, партиялык ишти аткарышына;

2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияларды колдоп чыгышына;

3) диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;

4) жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен курумдардын түзүлүшүнө;

5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган максаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.

 

5-берене.

1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.

2. Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет.

3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы иш-аракети үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.

 

6-берене.

1. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

Эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.

4. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.

5. Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-берене.

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

 

8-берене.

1. Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис.

2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

3. Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар деп эсептелет, алардын статусу мыйзам менен аныкталат.

 

9-берене.

1. Кыргыз Республикасы татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды эркин өстүрүүгө, жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды иштеп чыгат.

2. Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына колдоо көрсөтүүнү, эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.

3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт.

 

10-берене.

1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

3. Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

 

11-берене.

1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго - Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.

2. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги сом болуп эсептелет.

 

12-берене.

1. Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.

2. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.

Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.

Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мажбурлоо менен мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган учурларда жол берилет. Мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

Мыйзамда аныкталган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу ал мүлктүн наркынын жана мүлкүнөн ажыратуунун натыйжасында келип чыккан башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.

5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн.

6. Менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

 

13-берене.

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.

2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды аткаруунун аудити мыйзам менен аныкталат. Республикалык бюджет - мыйзам менен, жергиликтүү бюджеттер тиешелүү өкүлчүлүктүү органдардын чечими менен кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

 

14-берене.

1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекеттик турмушту милитаризациялоону, мамлекетти, анын ишин согуш жүргүзүү милдеттерине баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат.

2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган агрессия учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

4. Кыргыз Республикасы ынтымактуу жана адилеттүү жашоого, өз ара пайдалуу кызматташууга, глобалдык жана региондук көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүүгө умтулат. 

 

15-берене.

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал менен согуш абалы ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилиши мүмкүн.

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН ЭРКИНДИКТЕРИ

 

Биринчи глава
Жалпы жоболор

16-берене.

1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.

Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт.

2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.

3. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.

4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

5. Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-берене.

Ушул Конституцияда белгиленген укуктар менен эркиндиктер бардык жактан толук жетишерлик деп эсептелбейт жана адамдын, жарандын башка жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин тануу же басмырлоо катары чечмеленбеши керек.

 

18-берене.

Ар ким ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай иш-аракеттерди жана ишмердикти жүргүзүүгө укуктуу. 

 

19-берене.

1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.

2. Кыргыз Республикасы саясий жүйөлөр боюнча куугунтукталган, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктери бузулган чет өлкө жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга эл аралык милдеттенмелерге ылайык башкалка берет. 

 

20-берене.

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

2. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

4. Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес:

1) өлүм жазасын, кыйноону, дагы башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюуларга чектөө;

2) алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;

3) кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган;

4) бала эмгегин эксплуатациялоого;

5) келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле адамды эркиндигинен ажыратууга;

6) инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого;

7) ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого;

8) тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;

9) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоого;

10) турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга.

5. Ушул Конституцияда белгиленген төмөндөгүдөй укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес:

1) ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу;

2) ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу;

3) жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу;

4) ой-пикир эркиндиги тууралуу;

5) диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу;

6) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин эркин аныктоо жана көрсөтүү;

7) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алуу;

8) соттук коргонуу;

9) мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу;

10) жарандын Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү укугу.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Экинчи глава
Адам укуктары жана эркиндиктери

 

21-берене.

Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.

 

22-берене.

1. Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес.

2. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө гумандуу мамиле жасалышына жана адамдык кадыр-баркынын сакталышына укуктуу.

3. Тиешелүү түрдө билдирилип, күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

 

23-берене.

1. Кыргыз Республикасында кулчулукка, адамдарды соодалоого жол берилбейт.

2. Бала эмгегин эксплуатациялоого тыюу салынат.

3. Согушка, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга, башка өзгөчө кырдаалдар менен соттун чечимин аткарууга байланышкан учурлардан тышкары мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат.

Аскердик, альтернативалуу (аскердиктен тышкары) кызмат өтөөгө тартуу мажбурлоо эмгеги деп эсептелбейт.

 

24-берене.

1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.

2. Кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле эч ким эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

3. Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

Ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандай учурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.

Айрым учурларда кармап туруунун бир кыйла кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Кармалган ар кандай адам мыйзамда белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүгүнө жараша кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Эгерде адамды кармоого негиздер жок болуп чыкса, ал адам дароо бошотулушу керек.

5. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анын укугу камсыз кылынышы керек.

Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой эле коргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-берене.

1. Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.

2. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу.

 

26-берене.

1. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алганынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.

4. Жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер күнөөнү негиздөө жана сот актысын чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурлары мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

6. Ар бир адам мыйзамда каралган учурларга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

7. Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Геноцид жана экоцид кылмыштарына эскирүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

27-берене.

1. Соттолгон ар бир адам ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто кайра каратууга укуктуу.

2. Соттолгон ар бир адам ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү суранууга укуктуу.

3. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш.

 

28-берене.

1. Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган иш-аракети үчүн эч ким жоопкерчилик тартпашы керек. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же жеңилдетилсе, анда жаңы мыйзам колдонулат.

2. Жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт.

 

29-берене.

1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.

2. Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет.

3. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

 

30-берене.

1. Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жай менен башка объектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак-жайга жана башка объектилерине кире албайт.

2. Жеке менчикте жана башка укукта болгон турак-жайда жана бөлөк объектилерде тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүргүзүү, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү соттун актысынын негизинде гана жол берилет.

3. Мыйзамда каралган учурларда жеке менчик жана башка укукта болгон турак-жайга жана башка объектилерди тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө сот актысысыз жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.

4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да тиешелүү.

 

31-берене.

1. Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу.

2. Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

4. Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат.

 

32-берене.

1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ.

3. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.

4. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

 

33-берене.

1. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ.

2. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу.

4. Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалымат берүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

5. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес.

 

34-берене.

1. Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланууга тийиш эмес.

2. Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгө укуктуу.

Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт.

3. Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

 

35-берене.

Ар ким биригүү эркиндигине укуктуу.

 

36-берене.

1. Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык - бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.

2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.

4. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

5. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.

Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-берене.

1. Кыргыз Республикасында адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.

2. Улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына камкордук көрүү - ар бир адамдын милдети.

 

38-берене.

Ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу. Эч ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурланбашы керек.

 

39-берене.

Ар ким мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттери аркылуу келтирген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.

 

40-берене.

1. Ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.

Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт.

2. Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу.

3. Ар ким юридикалык квалификациялуу жардам алууга укуктуу. Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

 

41-берене.

1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.

2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

42-берене.

1. Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ.

2. Ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу.

3. Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугуна ээ.

 

43-берене.

1. Ар ким иш таштоого укуктуу.

 

44-берене.

1. Ар ким эс алууга укуктуу.

2. Эң узак иш убактысы, жумалык эс алуунун эң кыска мөөнөтү жана жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

 

45-берене.

1. Ар ким билим алууга укуктуу.

2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.

Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу.

3. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана бир эл аралык тилди окутуп-үйрөнүүсү үчүн шарт түзөт.

4. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык жана менчик окуу жайларын өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

5. Мамлекет дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

 

46-берене.

1. Ар ким турак-жайлуу болууга укуктуу.

2. Эч ким турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратылбоого тийиш.

3. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак-жай курулушун колдоого алышат, турак-жайына карата укуктарды ишке ашыруу үчүн шарт түзүшөт.

4. Аз камсыз болгон жана башка муктаж адамдарга турак-жай мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак-жай фонддорунан же болбосо мыйзамда каралган негиздерде жана тартипте социалдык мекемелерден бекер же мүмкүнчүлүккө жараша акы үчүн берилет.

 

47-берене.

1. Ар ким ден соолугун коргоого укуктуу.

2. Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.

3. Акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөө мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат.

4. Кызмат адамдары кишилердин өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган фактыларды жана жагдайларды жашырып койсо, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке кириптер болот.

 

48-берене.

1. Ар ким өмүрү жана ден соолугу үчүн ыңгайлуу болгон экологиялык чөйрөгө укуктуу.

2. Ар ким жаратылышты пайдалануудагы аракеттердин натыйжасында ден-соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.

3. Ар ким табигый жаратылыш чөйрөсүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө этият мамиле жасоого милдеттүү.

 

49-берене.

1. Ар кимге адабий, көркөм, илимий, техникалык жана башка чыгармачылыктын түрлөрүнө, окутуучулук эркиндигине кепилдик берилет.

2. Ар ким маданий турмушка катышууга жана маданият баалуулуктарынан пайдаланууга укуктуу.

Мамлекет тарыхый эстеликтерди жана маданий мурастардын башка объектилерин сактоону камсыз кылат.

3. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот.

 

Үчүнчү глава
Жарандык. Жарандын укугу жана милдеттери

50-берене.

1. Жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.

2. Бир дагы жаран конституциялык мыйзамда белгиленген учурлардан жана тартиптен тышкары өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

4. Жаран республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке берилбейт.

5. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

51-берене.

Жарандар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу.

 

52-берене.

1. Жарандар төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга;

2) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;

3) конституциялык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга.

2. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет.

Элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

3. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

4. Жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

5. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз. Мындай чектөө башка мамлекеттик кызматтар үчүн да мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

 

53-берене.

1. Жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багып-көрөөрүнөн ажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги берилет.

2. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамда каралган жашоо минимумунан кем эмес өлчөмдө жашоо деңгээлин камсыздайт.

3. Ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоонун кошумча түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук колдоого алынат.

4. Мамлекеттин социалдык ишмердиги жарандын өзү жана өз үй-бүлөсү үчүн экономикалык жыргалчылыкка өзү жетишүүгө болгон экономикалык эркиндигин, жигердүүлүгүн жана мүмкүнчүлүгүн чектеген мамлекеттик камкордукка айланып кетпеши керек.

 

54-берене.

1. Мамлекет жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга мыйзамда каралган тартипте көмөк көрсөтөт.

 

55-берене.

Жарандар мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды, жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.

 

56-берене.

1. Ата-Мекенди коргоо - жарандардын ыйык парзы жана милдети.

2. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет.

 

57-берене.

Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатураны уюштуруу жана анын ишмердиги, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат.

 

58-берене.

Жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.

 

59-берене.

Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу. Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.

 

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

60-берене.

1. Президент мамлекет башчысы болуп саналат.

2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат.

 

61-берене.

1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат.

2. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт.

 

62-берене.

1. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. 30 миңден кем эмес шайлоочунун колтамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

63-берене.

1. Президент кызматына киришерде Кыргызстандын элине ант берет.

2. Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.

3. Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот.

 

64-берене.

1. Президент:

1) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт; ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

2) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат.

2. Президент:

1) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

2) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан маселелерди аныктоого укуктуу;

3) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

3. Президент:

1) Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.

4. Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;

2) Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот.

5. Президент:

1) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

2) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

3) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

4) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.

6. Президент:

1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;

3) ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;

4) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;

7. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.

8. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.

9. Президент:

1) мыйзамга ылайык уюштурулуучу Коопсуздук кеңешин жетектейт;

2) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;

3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

4) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

10. Президент:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;

2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;

3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

4) ырайым кылууну жүзөгө ашырат;

5) өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин дайындайт.

11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

65-берене.

Президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана буйруктарды кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат. 

 

66-берене.

1. Президент арызы менен кызматынан кеткен учурда, ушул Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же ал каза болгон учурда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

 

67-берене.

1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

2. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.

3. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.

4. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелинет.

 

68-берене.

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр же Премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат.

Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

69-берене.

1. Ушул Конституциянын 67-беренесинде белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.

2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ

Биринчи глава
Жогорку Кеңеш

70-берене.

 

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн.

Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет.

Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциянын чыгуу үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коёт.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

71-берене.

1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоолордун жыйынтыктары аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.

2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.

3. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.

 

72-берене.

1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө оор кылмыштарды кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин башка мамлекеттик же муниципалдык кызмат менен айкалыштыра албайт, жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.

3. Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн. Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган депутаттын башка ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана чектөөнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.

Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордундагы Жогорку Кеңештин депутатынын аталган кызматтан кетүүсү, бошотулушу жана милдеттерин аткарууну токтотушу анын депутаттык ыйгарым укуктарын толук көлөмдө калыбына келтирүүгө алып келет.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

73-берене.

1. Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты алганда;

3) башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;

4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

5) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

6) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) бир сессия ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондо;

8) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

9) депутат каза болгондо.

Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.

4. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында пайда болгон бош мандатты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Экинчи глава
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары

74-берене.

1. Жогорку Кеңеш:

1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алат;

2) Президентти шайлоону дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш:

1) ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;

5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;

6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;

7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3. Жогорку Кеңеш:

1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктайт;

2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитет;

3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлайт; ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызматтан бошотот;

2) мыйзамда белгиленген тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызматтан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматынан бошотот; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Президенттин сунуштамасы менен Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берет;

9) Мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.

5. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуш абалын киргизет, согуш абалын жарыялайт, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын бекитет.

6. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

7. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу ушул Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

9. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

75-берене.

1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына кирген депутаттардын ичинен алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, сот бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара иш аракеттерин камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

Фракциялар коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготуусу Жогорку Кеңештин Төрагасынын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тастыктоо зарылдыгын жаратат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

76-берене.

1. Жогорку Кеңеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт; мында парламенттик оппозициянын өкүлдөрү бюджет жана укук тартиби маселелери боюнча комитеттердин төрагалары болуп саналат.

2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат.

3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.

4. Мамлекеттик кызмат орундарына шайлоого, дайындоого жана бошотууга Жогорку Кеңештин макулдук берүүсү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт.

 

77-берене.

1. Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык жүргүзүлөт.

3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан чакырылат.

4. Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса укуктуу болот.

5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добуш берүүсү менен кабыл алынат жана токтомдор менен жол-жоболоштурулат.

 

78-берене.

1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

2. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн.

3. Президент Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркаткан күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор дайындалгандан тартып 45 күндөн кечиктирилбестен шайлоолор өткөрүлүшү керек.

Үчүнчү глава
Мыйзам чыгаруу иши

79-берене.

Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

2) Жогорку Кеңештин депутатына;

3) Өкмөткө.

 

80-берене.

1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

2. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери эгерде ушул Конституцияда башкача каралбаса, катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

5. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

6. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамды, мамлекеттик чек араларды өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.

 

81-берене.

1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 күндүн ичинде Президентке кол коюу үчүн жиберилет.

2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарат. Республикалык бюджет, салыктар жөнүндө мыйзамдар, Премьер-министр мындай мыйзамдарды кол койбостон кайтаруу жөнүндө кайрылган учурларынан тышкары, милдеттүү түрдө кол коюлууга жатат.

3. Эгерде конституциялык мыйзам же мыйзам кайрадан каралганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, мындай мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде Президент тарабынан кол коюлууга тийиш. Мурда кабыл алынган редакциясында жактырылган конституциялык мыйзамга же мыйзамга белгиленген мөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзамга 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин Төрагасы кол коет жана ал жарыяланууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

82-берене.

Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башка мөөнөт каралбаса, мыйзам расмий басма сөз органында расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ

83-берене.

1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.

2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

3. Өкмөттү Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.

Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.

 

84-берене.

1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 25 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 25 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

5. Президент үч күндүк мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.

6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.

7. Фракциялар коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготуусу Өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө жана ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө анын жаңы курамынын түзүлүшүнө алып келет. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

85-берене.

1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.

2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке отчет берип турат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Президентти кезектеги шайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.

6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш 3 айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алса Президент Өкмөттү кызматынан кетирет.

 

86-берене.

1. Премьер-министр жылына эки жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе коё алат. Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда Президент 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

2. Өкмөт кызматтан кеткен учурда ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта берет.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

87-берене.

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны болгон күндөн тартып Өкмөт кызматтан кетти деп эсептелет.

1. Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүч кылууга акылуу. Ал Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет.

3. Өкмөт түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантат.

4. Өкмөт кызматтан кеткен учурда Өкмөттүн жаңы курамы ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизүү мөөнөтүн эсептөө Президент тарабынан Премьер-министрдин же Өкмөттүн кызматтан кетиши кабыл алынган күндөн башталат.

5. Коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин - Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Президент аталган сунуштаманы алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап Президент 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

88-берене.

1. Өкмөт:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;

3) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

4) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуш кылат жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет;

7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

9) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;

11) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;

12) Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

2. Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

89-берене.

Премьер-министр:

1) Өкмөттү башкарат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;

2) бардык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

3) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;

4) Өкмөттүн жыйналышын өткөрөт;

5) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын камсыз кылат;

6) административдик ведомстволордун жетекчилерин дайындайт жана бошотот;

7) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт жана бошотот;

8) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

90-берене.

1. Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын камсыз кылат.

2. Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылат.

3. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишине жетекчилик кылат.

4. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун актыларын жокко чыгарууга укуктуу.

 

91-берене.

1. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды уюштуруу жана алардын иштеши мыйзам менен аныкталат.

 

92-берене.

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мыйзамдардын, Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт.

2. Өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылат.

АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ

93-берене.

1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

2. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

Атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

94-берене.

1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.

2. Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес.

3. Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.

4. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.

5. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.

6. Жогорку соттун судьялары курактык чегине жеткенге чейин шайланат.

7. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

Жогорку соттун төрагаларын, алардын орун басарларын шайлоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат.

8. Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушу өз курамынан соттун төрагасын, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө ошол эле соттун төрагасы, төрагасынын орун басары болуп шайлана албайт.

9. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларына белгилүү бир чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

95-берене.

1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган учурлардан тышкары, аталган негиздер боюнча Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат орундарынан Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан Президент бошотот.

Кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар жана мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

3. Судья каза болгондо, чектүү курагына жеткенде, кызматтан кеткенде же башка ишке өткөндө, аны каза болгон же дайынсыз жок деп жарыялаганда, аракетке жөндөмсүз деп тааныганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда жана кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан ушул негиздер пайда болгон күндөн баштап конституциялык мыйзамга ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Мында Жогорку соттун судьялары катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кызматынан бошотулат.

4. Судьяларды соттук тартипте кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

5. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Судьяларды тандоо кеңеши конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

6. Жергиликтүү соттордун судьяларын которууну (ротациялоону) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.

7. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция шайлайт.

8. Судьяларды тандоо боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши түзөт. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышын чакыруу анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин Судьялар кеңешинин төрагасына жүктөлөт. Эгерде Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы 10 жумушчу күндүн ичинде өткөрүлбөсө, аны өткөрүүнү Президент уюштурат. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны, мүчөлүккө талапкерлерге коюлуучу талаптар жана комиссиянын ишин уюштуруунун башка маселелери мыйзам менен аныкталат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

96-берене.

1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.

3. Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

97-берене.

1. Жогорку соттун Конституциялык палатасы конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.

2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы боло алат.

3. Жогорку соттун Конституциялык палатасы өз курамынан төраганы, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

4. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

5. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

6. Жогорку соттун Конституциялык палатасы:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;

2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

3) ушул Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет.

7. Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу.

8. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

9. Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

10. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негизделген сот актылары ар бир конкреттүү учурда укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирилген жарандардын даттануулары боюнча сот тарабынан кайра каралат.

11. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын курамын жана түзүү тартибин, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана бошотуу, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

98-берене.

1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.

Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

2. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактары менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет.

 

99-берене.

1. Иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйналышта жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.

2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт.

3. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

100-берене.

1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

2. Сот актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аларды аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

 

101-берене.

1. Сот ушул Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз.

2. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талапты жиберет.

 

102-берене.

1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.

2. Кыргыз Республикасында судьялардын курултайы, Судьялардын кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.

Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болот.

3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

103-берене.

Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт.

ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
МАМЛЕКЕТТИК БАШКА ОРГАНДАР

104-берене.

Прокуратура төмөнкүлөр өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системаны түзөт:

1) аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аталган органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;

2) изин суутпай издөөнү, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;

6) тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, иштерди тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын статусуна ээ болгон адамдарды жазыктык куугунтуктоо.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

105-берене.

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.

 

106-берене.

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат.

 

107-берене.

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт. 

 

108-берене.

Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.

 

109-берене.

Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат.

СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

110-берене.

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.

2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат.

5. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.

 

111-берене.

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) жергиликтүү кеңештер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;

2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын кызмат адамдары өз иштеринде жергиликтүү кеңешке отчет беришет.

 

112-берене.

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:

1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;

2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитет;

3) жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, ошондой эле алар боюнча жеңилдиктерди белгилейт;

4) жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет. 

 

113-берене.

1. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында – өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынын бузулушуна байланыштуу соттук коргоо үчүн кайрылууга укуктуу. 

ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
УШУЛ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ

114-берене.

1. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн.

2. Ушул Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

3. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн.

4. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

5. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Президент кол коюуга тийиш.