Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» Ош шаардык Кеңешинин төрагасы массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин куттуктады

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин куттуктады

06 ноябрь 2018, Вторник
2 318
0

7-ноябрь Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоо аземи болду. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар мэри Сарыбашов журналисттер катышышты. Анда Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын Ардак грамотасы, баалы белектери тапшырылды.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун 

маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоо сөзү


Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери!


Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм!

           Азыркы мезгилде биздин турмушубузду маалымат каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес.  

            Күнүмдүк турмушубуз маалымат менен башталып, маалымат менен аяктайт. Андыктан бүгүнкү күндө бүт дүйнөнү кыймылдатып жаткан - бул маалымат десем жаңылышпайм. 

Коомчулука түрдүү багыттагы маалыматтарды жеткирүү менен   журналисттердин кадыры болуп көрбөгөндөй өсүп жатат. 

Анткени журналисттер күн сайын ар бир адамдын маанайына таасир этип, коомдук пикирди чагылдырып да, жаратып да келишүүдө

Биздин мамлекет сөз жана басма сөз эркиндиги жагынан сап башында келатканы баарыбызга белгилүү

Өлкөбүздүн эркин, демократиялуу жана ачык болуп, күчтүү жарандык коомдун калыптанышында журналисттердин ролу зор. 

Журналисттердин күчү менен коом жаман адаттардан арылып, тазаланып турат. Бул багытта чыныгы профессионалдуулук менен саясий күчтөрдүн куралы болбой акыйкаттуу болууга баарыңыздарды чакырып кетким келет.

         Ал эми ордолуу Ош шаарыбыздын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө болуп жаткан бардык иш аракеттер массалык маалымат каражаттары аркылуу элибизге жеткирилип, биргеликте алдыга карай бара жатканыбыз баарыбызды кубандырат.   

Аткарылып жаткан иш аракеттерди жандандырууда Сиздердин да сын пикириңиздердин негиздүү орду бар экендигин белгилеп кетүү зарыл. 

Урматтуу журналисттер, сөзүмдүн акырында дагы бир жолу, майрамыңыздар менен куттуктап, баарыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш, чыгармачылык  ийгиликтерди каалайм.









Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)