Бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул илдетти ынтымак менен жеңели
Ош шаардык Кеңешинин Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Шоноев Бакыт Курманбекович Манас- Ата жана Аэропорт кичи шаарчаларынын аз камсыз болгон жарандарына 400 баштык азык-тулук азыктарын таркатып берди. Жалпы журтчулуктун башына келген бул илдетти бири-бирибизге колдоо көрсөтүү, ынтымак менен жеңели. Мамлекет тарабынан айтылган талап нормаларды так сактоого чакырам деп билдирди эл өкүлү.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)