Балдар биздин бактыбыз, алдыдагы келечегибиз!
1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата төрага Жапарбек Ормонов шаарыбыздагы кыймыл тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, балдарды майрамы менен куттуктады. Төрага ата-энелерге, педагогикалык жамаатка ыраазылык билдирип, борбордогу балдарга ден-соолук, бактылуу балалык, кең келечек каалады.
Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө Жапарбек Туратович шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте балдарга арналган шириндиктерди жана баалуу белектерин тапшырды.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)