Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору боюнча коомдук талкуу болду

Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору боюнча коомдук талкуу болду

18 июнь 2020, Четверг
1 327
0

Бүгүн Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорунун (ПДП) талкулоо боюнча эл өкүлдөрүнүн, Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, кварталдык комитеттердин жана коомдук уюмдардын катышуусунда коомдук талкуу болуп өттү.

Бул жыйында Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорунун үстүнөн иштөө боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын мүчөлөрү, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышуучуларга азыркы учурда Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору боюнча жүрүп жаткан иштер жөнүндө баяндап беришти. Талкуу учурунда депутаттар тарабынан суроолор жана сунуштар айтылып, Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында графиктин негизинде талкуу жүргүзүү сунушу кабыл алынды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)