Бириккен Улуттар уюмунун “Кыйноолорго дуушар болгондордун Эл аралык колдоо күнүнө” карата атайын иш чара өткөрүлдү
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов Бириккен Улуттар уюмунун “Кыйноолорго дуушар болгондордун Эл аралык колдоо күнүнө” карата кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү менен биргеликте Ош шаарынын ИИБне караштуу “Ак-Буура” жана “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн аткарылып жаткан иштери менен таанышты.
Төрага элибиздин коопсуздугу үчүн күнү түнү эмгектенип келе жаткан милиция кызматкерлерине терең ыраазылык билдирип, өзгөчө акыркы айлардагы милиция кызматкерлеринин эмгектери чоң экендигин белгиледи.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
04 март 2019, Понедельник
«Ак калпак» күнүнө карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун куттуктоосу
Пикирлер (0)