Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнү менен куттуктады

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнү менен куттуктады

23 июнь 2020, Вторник
1 392
0

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык 

кызматкерлер!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм!

Бүгүнкү күндө мамлекеттик саясатты мыйзам чегинде турмушка ашыруу үчүн эмгектенген кызматкерлердин жаңы мууну элибизге татыктуу кызмат кылууга аракет кылып келе жатат. Андыктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердигинин жогорку натыйжалуулугун, алардын кесипкөйлүгүн арттырып, моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртууга багытталган тиешелүү аракеттерди колго алуубуз абзел. Бүгүнкү күндө жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди чечүү, калктын социалдык абалын жана шаарыбыздын экономикасын көтөрүү биздин негизги милдетибиз деп эсептейм. Биз алдыда дагы талыкпай эмгектенүүгө – жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөөгө, анын финансылык, социалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жигердүү аракеттерди жасообуз зарыл. Эң башкысы кубаттуу, өнүккөн мамлекет курууга, Ордолуу Ош шаарыбыздын элинин жашоо-шартын заман талабына ылайык жакшыртууга салым кошуубуз зарыл.

         Андыктан алдыдагы ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалап, мамлекетибизге жана элибизге ак кызмат кылууга баарыңыздарды чакырам. Сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бактылуу турмуш каалайм. Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын, касиеттүү Ош шаарыбыздын кубанычтуу, ийгиликтүү күндөрүндө дайыма амандыкта бирге бололу!   Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!

Ош шаардык Кеңешинин

төрагасы                                                                                                                      Ж.Ормонов

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)