Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Саламаттык сактоо тармагына көмөк көрсөтүү акциясы

Саламаттык сактоо тармагына көмөк көрсөтүү акциясы

06 июль 2020, Понедельник
1 339
0

           

          Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине чалдыккан жарандардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу, саламаттык сактоо тармагына көмөк көрсөтүү максатында Ош шаардык Кеңеши жалпы ишкерлерди колдоо акциясына чакырат. Акциянын жүрүшүн төрага Жапарбек Ормонов баштап, Ош шаардык клиникалык ооруканасына кошумча аба жеткирүү (кислородный оксидинатор) аппаратын алуу үчүн жеке эсебинен акча каражатын тапшырды.  

            Төрага, ооруга чалдыккандардын саны көп болуп ооруканалардагы техникалык каражаттардын жетишпей жаткандыгына байланыштуу тез арада колдоого алып тиешелүү техникалык каражаттарды алууга көмөк көрсөтүү зарыл экендигин белгиледи. Бул багытта бардык колунда бар атуулдарды, ишкерлерди акцияга катышууга үндөдү.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)