Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Элибиздин көйгөйүнө, шаарыбыздын туруктуу жашоосуна Эл өкүлдөрү кайдыгер эмес!

Элибиздин көйгөйүнө, шаарыбыздын туруктуу жашоосуна Эл өкүлдөрү кайдыгер эмес!

11 июль 2020, Суббота
1 085
0
Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин фракция лидерлери, Кеңештин  төрагасы Ж. Ормонов менен биргеликте COVID-19 илдетине каршы аткарылып жаткан иш аракеттер жана элдин абалы менен таанышуу жана көмөк көрсөтүү максатында депутаттардын жумушчу тобу пландалган иш аракеттерин башташты. Жарандарга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын деңгээли, даарыланып жаткан тургундардын абалы аларга карата түзүлгөн шарттар жана тиешелүү анализ тапшыруучу лабораториялардагы абал боюнча жерине чыгышып таанышышып, кээ бир чечүүго зарыл болгон маселелердин бар экендигин белгилешти. Шаарыбызда илдетке каршы аткарылып жаткан аракеттерде медицина кызматкерлеринин жана жеке ишкерлердин баалуу эмгектерин жана жеке салымдарын белгилешти. Эл өкүлдөрү  ооруга чалдыккандар үчүн кошумча койка, медициналык каражаттар жана тиешелүү зарыл шарттардын жетишпеген жагдайларын талкуулашып, тез арада шаар мэри менен биргеликте чечүү жолдорун аныктоо зарыл экендигин белгилешти.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)