Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ордолуу Ош шаарыбыздагы дагы бир чон жанылык, өсүп-өнүгүүгө карай алгылыктуу аракеттер уланууда

Ордолуу Ош шаарыбыздагы дагы бир чон жанылык, өсүп-өнүгүүгө карай алгылыктуу аракеттер уланууда

07 август 2020, Пятница
1 298
0

Бүгүн Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун башталышына капсула салуу аземи өткөрүлдү

Салтанаттуу иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж Ормонов, шаар мэри Т.Сарыбашов, жергиликтүү тургундар жана жетекчилер катышышты. 

Төрага Ош шаарыбызда жараткан берген эки касиет бар алардын бири Сулайман-Тоо болсо, экинчиси Ак-Буура дарыясы. Шаарыбыздын көркү кылымдарды каарыткан Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүп, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн бүгүнкү долбоорду ишке ашыруу максатында жагымдуу аземге катышып жатабыз. Заман талабына ылайык башка өлкөлөр сыяктуу эле шаарыбызды жаңы курулуштар, жаңы дизайн көрүнүштөр менен жасап туруу максаттуу деп ойлойбуз. Биз көптөгөн кыйынчылыктарды, оор кырдаалдарды башыбыздан кечирдик. Буюрса баарын жеңип жакшы аракеттерге карай кадам таштай баштадык андыктан баарыбызды жараткан колдоп, баштаган ишибизге ийгиликтерди берсин – деген каалоо-тилегин билдирди Ж.Ормонов.  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)