Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.

19 август 2020, Среда
1 125
0
2020-жылдын 19-август күнү Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумду  комиссиянын төрагасы Р.Раимбердиев алып барып, мүчөлөрү М.Исаев, Э.Мырзаев, Д.Абдурасуловдор катышышты.
Күн тартибинде Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө маселе каралды. Эл өкүлдөрү тарабынан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси каралып, талкууланып, жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушунун негизинде аталган маселе Ош шаардык Кеңешинин сессиясында сурамжылоо жолу менен кабыл алуу боюнча токтом кабыл алынды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)