Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » «Кыргында жанын берсе да, Кыргызым тилин берген жок» - деп айтылгандай, элибиз эч качан тилин, дилин бербей сактап келген.

«Кыргында жанын берсе да, Кыргызым тилин берген жок» - деп айтылгандай, элибиз эч качан тилин, дилин бербей сактап келген.

23 сентябрь 2020, Среда
1 374
0

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Ордолуу Ош шаарыбыздын тургундары!


Сиздерди Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан эне тилибиздин мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 31 жылдык майрамы менен куттуктайм.

Ар бир элдин эл экендигин анын улуттук дөөлөттөрүн, рухий байлыктарын, мамлекеттүүлүгүнүн түбөлүктүүлүгүн аныктап турган өз белгилери болот. Белгилердин негизгиси болуп элдин тили эсептелет. 

Улуу кыргыз элибиз өзүнүн көп кылымдык тарыхында бирде улуу мамлекетке айланса, бирде чачырап, кыйын күндөргө туш келгенин тарыхтан жакшы билебиз. «Кыргында жанын берсе да, Кыргызым тилин берген жок» - деп айтылгандай, элибиз эч качан тилин, дилин бербей сактап келген.

Карт тарыхта эне тилибиз өз өлкөбүздө союздун убагында экинчи планга сүрүлүп, ойдогудай колдонулбай калган мезгилдер өткөн. Бирок кандай заман болбосун, кандай күнгө туш болбосун, элибиз эне тилин жоготкон жок.

Тилибиз мамлекеттик тил катары эсептелип, ал боюнча мыйзам кабыл алынганына мына 31 жыл болуп олтурат. Баарыбыз биргеликте мамлекеттик тил болгон кыргыз тилин жогорку деңгээлге жеткирип, көп улуттуу шаарыбызда, бири-бирибизге жакшылыктарды каалап, мамлекетибиздин бекемдигин сактоого аракет кылалы.

            Мамлекеттик тил макамын алган эне тилибиздин түбөлүгү түз болуп, жылдызы жанып турсун. Элибизде жакшылык, жергебизде тынчтык  болсун! 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)