Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү

Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү

14 ноябрь 2018, Среда
3 285
0
Бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов шаардагы калкка кызмат көрсөткөн мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушушту. Жолугушууда аталган аймактын жашоочуларынын түрдүү көйгөйлөрү талкууга алынып, чечүү жолдору аныкталды. Шаар мэри Т.Сарыбашов ар бир маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү ар бир жетекчинин негизги милдети экендигин баса белгиледи. 
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы шаардын ар бир аймагынын тургундарынын көйгөйү Эл өкүлдөрү тарабынан көтөрүлүп жаткандыгын белгилеп, алдыдагы иштерди аткарууга, биргеликте шаардык Кеңешинин депутаттары да жакындан көмөк көрсөтүшөөрүн билдирди. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)