Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 3-декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнү

3-декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнү

03 декабрь 2020, Четверг
1 955
0

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов Ош шаарында  жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир катар жарандардан кабар алды. Алардын социалдык муктаждыктары менен таанышып, жашоо шартына байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү жолдорун көзөмөлгө алды. Төрага өз сөзүндө турмуштун бул сыноосун башынан өткөрүп жаткан жарандар жергиликтүү бийлик тарабынан ар дайым колдоого алынарын баса белгилеп, материалдык жактан дайыма колдоо көрсөтүү зарыл экендигин билдирди. 

Бүгүнкү күндө шаарыбыздагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык муктаждыктарын мыйзам чегинде чечүү жана талаптагыдай колдоо көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо учурунда кароо үчүн тиешелүү тапшырмаларын берди.    

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)