Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » «Өнүккөн Ош 2020» семинары болуп өттү.

«Өнүккөн Ош 2020» семинары болуп өттү.

08 декабрь 2020, Вторник
822
0

«Өнүккөн Ош 2020» семинары болуп өттү.

Бүгүн 2020-жылдын 8-декабрында Ош шаарындагы «Классик» мейманканасында «Өнүккөн Ош»  аталышындагы семинар болуп өттү. Аталган семинар шаардагы инфраструктура, ипотекалык үй куруу,  жашылдандыруу боюнча долбоорлорду жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү маселелерин  жеке ишкерлерге тааныштыруу максатында болду.

        Бул иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов катышып, азыркы учурда Ош шаары өнүгүү жолунда бара жаткандыгын эске салып, Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, курулуш, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жаатында жакшы жумуштар аткарылып жаткандыгы белгилеп, бул өнүгүү жолунда шаарда иштеп жаткан ишкерлердин  потенциалын пайдаланып ири долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экендигин белгиледи. 

Ошондой эле  ишкерлерди колдоо боюнча Ош шаардык Кеңеши дайыма мэрия менен биргеликте иш алып барып жаткандыгын жана шаардыктарга бейпил жана ынгайлуу шарт түзүүдө мамлекет менен бизнес чөйрөнүн өнөктөштүк принцибинин негизинде кызматташуусун колдоп аны жүзөөгө ашыруу Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттеринин бири болуусу керектигин айтып өттү.  





Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)