Ош шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору талкууланды
Ош шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору талкууланды
Ош шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралында башталган отуруму өз ишин жыйынтыктады.
Төрт күн аралыгында эл өкүлдөрү тарабынан Ош шаарынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүгү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Ж.Турганбаевдин, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда кызуу талкууланып, сунуштардын негизинде жергиликтүү бюджеттин долбоору Ош шаарында 2021-жылдын 12-февралында өтүүчү бюджеттик коомдук угуу иш-чарасына жана Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.
Окшош жаңылыктар:
![Ош шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору талкууланууда](/uploads/posts/2021-02/medium/1612441415_084a8551.jpg)
![2020-жылга карата Ош шаарынын бюджети туруктуу депутаттык комиссиянын кароосунда каралып бүттү.](/uploads/posts/2020-01/medium/1579179748_084a5134.jpg)