Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2021-жылга карата өткөрүлгөн коомдук бюджеттик угуудагы шаар жашоочулары тарабынан берилген суроолор жана сунуштар

Ош шаарынын 2021-жылга карата өткөрүлгөн коомдук бюджеттик угуудагы шаар жашоочулары тарабынан берилген суроолор жана сунуштар

01 март 2021, Понедельник
636
0

Ош шаарынын 2021-жылга карата  өткөрүлгөн коомдук бюджеттик угуудагы

 шаар жашоочулары тарабынан берилген суроолор жана сунуштар 




Суроо берген шаар тургунунун 

Аты жөнү жана дареги



Берилген суроонун мазмуну


1.

Шаар тургуну, “Туура кадам” коомдук бирикмесинен-С. /сенов     


  • Жергиликтүү бюджетте Ош шаарындагы билим берүү мекемелерине жабдууларды жана эмеректерди алууга каралган акча каражатын мектептердин ремонт иштери үчүн жумшасак. Ата-энелерден жылда ремонтко деп акча алышат 300-400 сомдон.  Ал эми эмеректерди Билим берүү жана илим берүү министрлиги берсе. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектептердин ремонтуна толук көлөмдө акча каражатын камсыздап койсок. 
  • Кредиттерди жоюуга акча каражаты каралыптыр. Ушул кредиттер кимден жана кандай себептерге алынган. Ошолордун канчасы грант болуп эсептелет.
  • Капиталдык курулуштарга көп акча каралыптыр. Депутаттардын же мэрдин мөөнөттөрү бүтүп жатканда чоң капиталдык курулуштар башталып жатат. Черемушка кичи районундагы Гастелло көчөсүнүн жашоочулары 5 жылдан бери арыз жазабыз мэрияга. Волгоградская көчөсү аябай начар. Ички жолдорду оңдоо керек.  
  • Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык Кеңешинин токтомдорун жана чечимдерин сот органдарында кароодо күчтүү жалданма юристерди алуу зарыл.   

2.

Шаар тургуну З.Мадрахимов

  •  Шаарда көп кабатуу үйлөр курулуп жатат. Бул шаардыктарды кубантат. Бирок ошону менен бирге эле шаарда мектептер менен балдар-бакчалар жетишсиз. Эгерде ушунча көп турак-жайлар курулса шаардагы мектептердин саны аздык кылат. 
  •  Турак-жай курууга уруксат берүүчү документтерди мэрия тарабынан берген учурда курулуш компаниялар менен курулуп жаткан обьектердин биринчи кабатына мектеп, балдар-бакча жана поликлиника уюштуруу боюнча келишим түзсө болбойбу. 

3.

  “ДИА” коомдук фонду Э. Осекова 

-Мэриянын алдында үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү  борбору иштейт. Бирок алардын бюджети өтө эле аз. 12 айга бөлгөндө айына 240 миң сом болот экен. Ошол 240 миң сом менен борборду кантип колдосо болот. Ушул борборго көбүрөөк акча каражатын карап берсеңиздер. 

-Транспорт салыгы боюнча өсүү динамикасын көрбөй жатам. Ал эми көчөдө транспорт батпай кетти. 


4.

Ош шаарыынны тургуну-Б.Мамаджанов 

  • Шаарда экологиялык коопсуздук маселесин кароо керек. 
  • Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жеке ишкер Ж.Атамбаев курган турак-жайлардын тегереги баш аламан, жолдор тыгын. Качан иретке келет. Ушул парктын ордуна курулган үйлөрдү шаардын коммуналдык тутумдарына туташтырганга ким уруксат берди? 


5.

Шаар тургуну – Э. Абдыразаков 

  • Экологиялык постторду коюп, эколгиялык фонд уюштуруу керек.
  • Муниципалдык аймактык башкармалыктары инвестиция жана грант тартуу долбоорлору менен иштөөнү колго алуусу зарыл. 
  • Баш аламан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн  курулуштарын көзөмөлгө алуу.
  • Ош шаарындагы курулуш компанияларга социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча сунуш берүү (балдар ойноочу аянтчаларды куруу).
  • Арзан нан жана сүт  азыктарын чыгаруучу муниципалдык ишканаларды ачуу.

6.

Шаар тургуну, жарандык активист-Майрамбек


-/й-бүлөлүк зомбулукка каршы реакция жасоо алгоритми жок. Ошол алгоритмдин тиркемесин ишке ашырууга бюджеттен жардам алса болобу?

7.

Шаар тургуну, жарандык активист–М. Саладинова 


-Жергиликтүү бюджетте жаштарды өнүктүрүү концепсиясына да акча каражатын кароону эске алуу зарыл.    

8.

Өзгөн жана Масалиев көчөсүнүн жашоочулары.



  • Өзгөн жана Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу аянтчаларды куруу иштерин 2021-жылдын бюджетине киргизип бериңиздер.  



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)