Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды

“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды

31 март 2021, Среда
1 093
0

“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды

Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залында 2021-жылдын 18-февралындагы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясынын “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө №267 токтомуна ылайык кыргыз Эл акыны Тазагүл Закировага жана милициянын генерал-майору Расулберди Раимбердиевге “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңешинин фракция лидерлери, төраганын орун басары Б.Каналиев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.Юсуповдор катышып, төрага Жапарбек Ормоновдун жана шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан куттуктоолорун, каалоо тилектерин билдиришти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)