Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу

21 февраль 2019, Четверг
3 264
0
                                                          Урматтуу мекен сакчылары!
                                                              Ардактуу Ардагерлер!
           Биз жыл сайын 23-февраль күнүнө карата ардактуу ардагерлерибизди жана бүгүнкү күндө да Мекен сакчылыгында туруп, кызмат өтөп жаткан эр азаматтарыбызга сый-урматыбызды билдирип келебиз.                    
Бул майрам эрдиктин, эр жүрөктүүлүктүн жана чыныгы мекенчилдиктин символу катары биз үчүн баалуу. Андыктан баарыңыздарды 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм. 
Бүгүн өзгөчө өз өлкөсүнө чексиз берилгендердин, Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлеринин катарында, укук коргоо системасында жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып, мамлекетибиздин элинин коопсуздугунун сакчылыгында тургандардын сыймыктуу майрамы.
            Мамлекетибиздин баш мыйзамында көрсөтүлгөндөй Өз үйүн, Мекенин коргоо – ыйык парз, аны ар-намыстуулук менен аткаруу ар бирибиздин жарандык милдетибиз. 
Баарыбыз күбө болуп жаткандай жыл сайын алгылыктуу жаңы кадамдар башталып, мамлекетибиздин аскердик-техникалык мүмкүнчүлүгү артууда, жоокерлер менен офицерлердин аскердик даярдыгы жогорулап, аларга карата социалдык камсыздоо иш аракеттери жакшырууда.
 Сүйүктүү мамлекетибиздеги азыркы учурдагы тынчтык, туруктуулук жана биримдик – бул Элибиздин улуу жеңиши. 
Мындай тынчтыкты, стабилдүү турмушту ар бирибиз өз учурунда баалоого жана барктоого милдеттүү экендигибизди унутпообуз керек деп эсептейм.
                                   Ардактуу элибиздин жана мамлекетибиздин коргоочулары!
Сиздерге Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан ар бириңиздерге жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайм.  
Ардегерлерибизге чың ден соолук, узун өмүр тилейм, ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибизге ийгиликтүү кызмат өтөөсүнө тилектештигимди билдиремин. 
Кыргызстан мамлекетибиздин эр жүрөк, тайманбас Ата-Мекенди коргоочуларынын майрамы кут болсун!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)