Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңеши Орозо-Айт майрамы менен куттуктайт!

Ош шаардык Кеңеши Орозо-Айт майрамы менен куттуктайт!

12 май 2021, Среда
1 639
0



Урматтуу касиеттүү шаарыбыздын тургундары!

Ардактуу азиз момун мусулмандар!


Ош шаардык Кеңеши баарыңыздарды Орозо-Айт майрамы менен куттуктайт!

Айлардын султаны болгон Рамазан айында чын дилден ниет кылып орозо тутуп, анын жол жоболоруна толук баш ийип, ибадат кылып, руханий жактан тазаланып, чоң соопчулук иштерди аткарууга жетишүүгө аракет кылдык.

Бул күндөрү көзү өтүп кеткен мусулман бир туугандарыбызга, алардын арбагына арнап куран түшүрүп, элибиздин  биримдиги менен бүтүндүгүн, аруу тилектерди, ойлогон асыл максаттарды Жараткандан тиледик. 

Орозо бүткөн күнү элибизге кубаныч тартуулаган улуу Айт майрамы куттуу жергебизге жакшылык алып келсин. Ылайым жаман сөздөн, суук көздөн, жугуштуу болгон жаман илдеттерден, көңүл кирдеткен жаман окуялардан алыс бололу. 

Ылайым баарыбыздын каалоолорубузду Алла Таалам кут кылсын. Ар бир үйдөн ынтымак, ырыскы кетпесин, жергебизде тынчтык менен бейпилдик, ынтымак орноп, өсүп-өнүгүү болсун. Туткан орозоңуздар, окуган намазыңыздар кабыл болсун!


                                           Айтыңыздар маарек болсун!


                                                                                      Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)