Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ак жол сага, бүтүрүүчү!

Ак жол сага, бүтүрүүчү!

24 май 2021, Понедельник
1 259
0

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

         Силер турмуштун кенен, жарык жолуна карай алгачкы эркин кадамды баштоонун алдында турасыңар. Силердин алдыдагы келечегиңер, тандаган жолуңар жеке өзүңөрдөн көз каранды экендигин унутпагыла. Алган билимиңер, татыктуу таалим-тарбияңар менен коомдон ордуңарды таап, мыкты, кесипкөй, өз элин, туулган жерин урматтаган мекенчил, намыстуу инсан болушуңарга терең ишенимимди артамын. 

Урматтуу жаш досторум!

         «Акыркы коңгуроо» учурдагы абалга байланыштуу аралыктан өткөрүлүп жатса да силерди салтанаттуу азем менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктайм!

     Силер келечекте алган билимиңерди жана жөндөмүңөрдү өлкөбүздүн өнүгүүсү жана элибиз үчүн пайдаланасыңар деп ишенем.

Дайыма бийик жеңиштерди билим, илим менен багындырган жаштардын катарында келечектүү, ырыс-кешиктүү болушуңарга тилектештигимди билдирем!



Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                              Ж.Ормонов 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)