Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү

01 июнь 2021, Вторник
1 118
0
     Урматтуу жаш досторум!
         Дүйнө жүзү 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүн жан дүйнөсү, мээрими жана жакшы ниети менен тосуп келет. Анткени бул жашоодо силерден манилүү жана жоопкерчиликтен башка кымбат эч нерсе жок.
Андыктан биздин жаш мекендештерибиз, алдыдагы келечегибиз болгон сүйүктүү балдар, бүгүнкү өзгөчө күн менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм. 
Урматтуу ата-энелер!
Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубанычы, сүйүүсү менен жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз коомдун жаркын инсаны болуп жетилишет. 
Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнап, эң жакын адамы бололу. Балдарыбыз бактылуу болуп биздин мээримибизден алардын жан дүйнөсүнө жылуулук жетип, маанайлары ачык болсо биздин турмушубуз дайыма кубанычтуу болоору талашсыз.  
Кымбаттуу жаш досторум, балдар!
Чың ден-соолукта болуп, тилеген тилегиңерге жеткиле! Ата-энеңердин мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын ырахатында чоңойгула. 
Сүйүктүү мекенибизди көздүн карегиндей сактаган, мамлекетибиздин келечектеги татыктуу жараны болушуңарды каалаймын!
Ош шаардык Кеңешинин 
төрагасы                                                                                                Ж.Ормонов 
                        
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)