Ош шаарында ак халатчандардын кесиптик күнү белгиленди
Бүгүн, Ош шаарында КР Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанат өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов, Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов, шаардагы медицина кызматкерлери катышышты.
Төрага Ж. Ормонов ардактуу кесип ээлерин Ош шаардык Кеңешинин депуттарынын атынан куттуктап, үзүрлүү ак эмгеги, өз кесибин татыктуу аркалоодогу кызматындагы алгылыктуу иш-аракеттери жана шаарыбыздын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон зор салымдары үчүн, алдыңкы медицина кызматкерлерине Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын жана баалуу белектерин тапшырды.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
29 июнь 2018, Пятница
Ош шаарында медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү
Пикирлер (0)